УКМКнын алдына Акматбек Келдибековдун 30 чакты тарапташы чогулду

Бүгүн, 2-декабрда УКМКнын алдына Акматбек Келдибековдун 30 чакты тарапташы чогулду.

Учурда Келдибеков УКМКнын ичинде сурак берип жатат. Чогулган адамдардын ичинен алтоо УКМКнын имаратына кирип чыгышты. Алардын бири Исмаил Исаков УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сүйлөшүүгө чакырганын айтты.

«Ал мени, Жолдошеваны, Мамыровду жана (Келдибековдун) бир туугандарын чакырды. Бул сурак эмес, схеманы түшүндүрүү экен. Адистерди чакырып, кимдики туура, кимдики туура эмес экенин аныктап жатышыптыр. Ошондон кийин (Келдибеков) чыгат», – деди Исаков.