Sport Awards – 2021: Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов. Жылдын жыйынтыгында мыкты спортчулар аныкталды

Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда 1-декабрь күнү жыл сайын өткөрүлүүчү Sport Awards сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чара Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты Министрлиги тарабынан колдоого алынып өткөрүлдү.

Бул спорттук мааракеде бир катар номинациялар боюнча күчтүү спортчуларды эле аныктабастан, машыктыруучу жана меценаттардын арасынан да мыктыларын тандашат. Эң күчтүүлөрдү аныктоо эки баскыч менен өткөндүгү кабарланды. Алгач социалдык желелердин колдонуучулары талапкерлерге добуштарын берсе, андан соң атайы түзүлгөн комиссия ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөрдү аныктады.

Олимпиадалык спорт түрлөрүндө Токио олимпиадасында байгелүү орундарга ээ болгон Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова мыктылар деп табылды. Жылдын машыктыруучусу болуп Руслан Маджинов аныкталды. Спортчулардын өздөрү бул аземге катыша албагандыктан жакын туугандары алардын ордуна сыйлыктарды алышты.

“Жылдын ачылышы” номинациясында эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев жеңүүчү деп табылса, олимпиадалык эмес түрлөр боюнча Бейбарc Анарбеков менен Самара Абдумалик кызы алдыда болушту. Мыкты машыктыруучу – Азамат Казакбаев.

“Мыкты ММА мушкери” номинациясында Алтынбек Мамашов табылса, көк бөрүдө эң күчтүү деп Нуржан Мелисбек уулу аныкталды. Улуттук спорт түрлөрү боюнча Ынтымак Мурадил уулу алса, мыкты машыктыруучу деп Нурлан Молдакунов табылды. Белгилей кетсек, Sport Awards аземинин алкагында жыл сайын Улуттук олимпиадалык комитеттин экс-президенти Мурат Саралиновдун атындагы сыйлык берилип келет. Быйыл аталган сыйлыкты күрөш машыктыруучулары Нурбек Изабеков менен Азат Эркимбаев алды. Аларга миң доллардан акча каражатын Улуттук олимпиадалык комитеттин президентинин кызматын убактылуу аткаруучу Канат Аманкулов менен уюмдун башкы катчысы Саламат Эргешов тапшырды.