Сот Орхан Инандыга кыргыз жарандыгын мыйзамсыз бергендерди чакырды. Алар кимдер?

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарына караштуу Биринчи май райондук сотунда Орхан Инандыга кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүү боюнча козголгон кылмыш ишин кароо башталды.

Айыпталуучу — Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов күбөлөрдүн санын көбөйтүүнү суранды.

Ал Орхан Инандыга кыргыз паспорту берилгенде Президенттин аппаратында иштей электигин айтты.

«Комиссиянын (жарандык маселелер боюнча) мүчөлөрү бар, алар суралышы керек. Бул жакта ката кеткен, мен комиссиянын мүчөсү эмес болчумун. Документтерге кол койгон адамдар — бул комиссия эмес, алар профилдик бөлүмдөрдүн жетекчилери, менин мурдагы орун басарларым: Шайлдабекова, Илмиянов. Мунун баары сабатсыз түзүлгөн», – деди Ниязов.

Ал бир катар адамдарды суракка чакырууну талап кылды.

Алар:

– Президенттин аппаратынын жетекчисинин мурдагы орун басарлары Нуржан Шайлдабекова [учурда БШКнын төрайымы] жана Икрамжан Илмиянов;

– президенттин алдындагы жарандык маселелер боюнча комиссиянын төрагасынын мурдагы орун басары Рустам Мамасадыков [учурда УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары,

– Жогорку соттун Конституциялык палатасынын мурдагы судьясы Курмантай Абдиев;

– президенттин алдындагы жарандык маселелер боюнча комиссиянын мурдагы жооптуу катчысы Рахатбек Мамаев [учурда Министрлер кабинетинин адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы].