Жылдызкан Жолдошева мындай пикирин бүгүн, 1-декабрда БШКнын жыйынында билдирди.
“2007-жылы мен Курманбек Бакиевден сурангам.
Кайра шайлоого баралы, эч ким аралашпасын деп. Демокартиялык өлкө катары сакталып калабыз деген мындай сунушумду кабыл алган эмес.
Урматтуу, президент сизге кайрылам 21 партиянын катышуусунда кайрадан шайлоо өткөрүнүз, ал эми Шайлдабекова кызматынан кете турсун. Анын ордуна убактылуу милдетти аткаруучуну шайлап шайлоону кайрадан өткөрүү менен, өлкөдө туруктуулукту сактап калабыз. Андан сырткары президенттин аброюн сактап эле калбай, аны кайра жандандыруу да мүмкүн. Бул үчүн саясий эркиндик керек”, – деди ал.