Улуттук банк 2021-жылдын 1-декабрынан тартып Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын урматына «Тарыхый окуялар» сериясынан «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл» коллекциялык монетасын, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, ыктыярчыларга жана COVID-19 пандемиясын жеңүү үчүн эмгектенип жаткан бардык адамдарга ыраазычылык билдирүү катарында «Өмүр сакчыларына таазим!» коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.
Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, КМШ эмблемасы «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл» коллекциялык күмүш монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети болуп эсептелет.
Монетанын төмөн жагында анын номиналы «10 сом» көрсөтүлгөн. «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине 30 жыл / Содружеству Независимых Государств – 30 лет» деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган.
“Өмүр сакчыларына таазим!” коллекциялык жез-никель монетасынын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары коронавирус инфекциясынын пандемиясын жеңүү үчүн өз жанын аябастан эмгектенген ар кандай кесиптердин ээлери менен ыктыярчылардын өкүлдөрүнүн элестери берилген. Монетанын жогору жагында табияттын ойгонуп келе жаткандыгын билдирген таңкы шүүдүрүм менен жаңы жашоону түшүндүргөн таңдын жаңыдан атышын элестеткен абстрактуу сүрөт чагылдырган.
«Өмүр сакчыларына таазим! / Спасибо за жизнь!» деген жазуу монетанын четине тегерете жайгаштырылган. Монетанын төмөн жагында номиналы «1 с» берилген.