УКМК Текебаевдин телефону боюнча үн катты

Буга чейин Юрист Канат Хасанов фейсбуктагы баракчасына «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин телефонунун жайгашкан жери тууралуу билдирүү жазган.

Анын билдирүүсүнө ылайык, Текебаевдин уюлдук телефонунда аны аныктоого мүмкүндүк берген тиркемесине туташтырылган. Ал эми картага караганда саясатчынын телефону азыр УКМКнын имараты жайгашкан аймакта экенин айткан.

Буга УКМК жооп берип, уурдалган телефон Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Кызматында экени провокация экенин билдирди.