Абдулазим Курманов Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Курманов Абдулазим Айдарович ээлеген кызматынан бошотулду.