Кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атылды

Баткен облусунун Дахма аймагында ок атуучу куралдан ок чыкты, – деп билдирди УКМКнын чек ара кызматынан.

Мекеменин билдиргенине караганда, окуя 1-чи декабрда 21 саат 15 мин. Тажикстан тараптан сегиз-тогуз ок чыкканы угулган.

Болжол менен айтканда, октор аң уулоочу тапанчадан чыккан.

Мунун чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү чогулуп, тыкыр иликтөө жүргүзүлүп жатат.

Окуя тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемесине кабар берилди.

Чек ара кызматынын өкүлү, полковник Кыялбек Толонбаев Таджикстан тарап менен чыр-чатакты токтотуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Учурда саат 22: 30 мүнөттө абал туруктуу, бирок кооптуу элементтер менен коштолуп турат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан улам жаңжал чыгып турат. 2021-жылдын жазындагы куралдуу кагылышта эки тараптан ондогон тургундар, аскерлер көз жумган.