Ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат

Президент Садыр Жапаров КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 3-ноябрында кабыл алынган “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, бул мыйзамдын максаты Кыргызстандын жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Мыйзам менен инвесторлордун/эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралган.

Бул өз кезегинде Кыргызстанда ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдетет.

Ошондой эле мыйзам менен ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат.