БШКнын төрайымы: “Сервердин ачкычы “Ак үйдө” жок”

Борбордук шайлоо комиссиясынын 1-декабрдагы жыйынында Жылдызкан Жолдошова БШК төрайымы төмөнкүдөй суроо узатты:

“Мен бир ай Ошто журуп шайлоо кандай өткөнүн көрдүм. Сиз 28-ноябрдан кийинки жоопкерчиликти сезип жатасызбы? Сиз мамлекеттин, президенттин имиджине кечирилгис доо кетирдиңиз да?

Бул суроого Нуржан Шайлдабекова мындай деп жооп берди:

«Ооба мен аны сезип турам, бизден кеткен механикалык ката кетип жоопкерчиликти сезип турам. Сервердин ачкычы биздин адистерде гана. Сервердин коопсуздук регламентине ылайык, үч киши эле кире алат. Бул ачкыч “Ак үйдө” жок”.