Жасалма номер тагылган Toyota Crown үлгүсүндөгү автоунаа кармалды

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жасалма номер тагылган Toyota Crown үлгүсүндөгү автоунааны кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-ноябрда кайгуул кызматкерлери кечки саа 17:20лар чамасында Ахунбаев жана Матрасов көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Toyota Crown автоунаасын токтотушкан. Керектүү документтерди текшерүү маалында унаанын мамлекеттик номери жасалма экендиги аныкталган.

“1979-жылы туулган А.К. аттуу айдоочунун автоунаасынын номери жасалма окшош номер экендиги аныкталды. Анткени унааны Россиянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын базасындагы “Авто-Код” жана Авто-Проверка” сайты менен текшерген учурда бул унаанын кузовунун номери техникалык каражаттагы номерге дал келген эмес.

Так эле ушундай автоунаа Россия Федарциясында катталып, азыркы учурда айдап жүргөндүгү аныкталган”, – деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу андан ары чара көрүү максатында Октябрь райондук Тергөө кызматына жеткирилген.