“Чимкирик” депутаттардын ордун кимдер басат?

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Боршайком парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады. Болжолдуу алдын ала жыйынтыктарга көз чаптырсак азыркы 6-чакырылыштын айрым депутаттары 7-чакырылыштын курамына кирет.

received 4607936362633780 "Чимкирик" депутаттардын ордун кимдер басат?

Бул шайлоолордун өзгөчөлүгү добуш берүү аралаш система боюнча өттү. Шайлоочулар талапкерлерди бир мандаттуу округдардан жана партиялык тизме боюнча тандашты. Андан сырткары партиянын ичинен дагы талапкерди шайлашты. Жогорку Кеңештин VII чакырылышында 90 депутат болот. Аны 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.