Жаныш Курбанов Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Курбанов Жаныш Абдухалилович Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.