Тилек Токтогазиев: Жеке менден эки миң добуш уурдалды

“Эч кандай каталардын үстүнөн иштөө болгон жок. Байкоочуларыбызды кол менен эсептөөлөргө киргизишкен жок. Мындай адилетсиздиктин алкагында саясий кризис улана берет.

Биз 18 миң киши менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Бир айдын ичинде алар менен төрт жолу байланыштык. 100 пайыз добуш бердик дегендердин саны 3650гө жеткен эле.

Айрыкча, биз дыйкандар менен жакшы иштешип, негизги базаны алардан түзгөнбүз. Алардын басымдуу бөлүгү барып шайладык дешти. Айтпай добуш бергендер да көп да.

Ыйык нерсеге өйдө жактан кол салышты. Биз анализ кылып эки скриншотту “экзелге” салып көрдүк. Система үзгүлтүккө учураганга чейинки маалыматтар менен андан кийинки маалыматтарда айырма бар. Ошондой болгон күндө да саны өзгөрсө да, пайызы өзгөрбөшү керек эле. Андан сырткары бардыгына каршы деген пункттун пайызы көбөйүп кетти.

Азыр бизге сырттан да чалып, эмне болду деп сурап жатышат. Азыркыны санаганда 87 пайыз болуп жатат, буга чейинки 162 пайыз болуп бир топ ашып кетпедиби.

Азыр ар кандай жаңы бюллетендерди киргизген киргизбегенин кайдан билебиз.

Кайра саноо болуп жатканда байкоочулар көрүп билип турушу керек эле. Шайлоонун жыйынтыгында байкоочуларга эч кандай протоколдор берилген жок.

Эгер биз саясий туруктуулукту кааласак, адилеттүү шайлоо өткөрүшүбүз керек”.