“Тааныбаганга да себеп жок”:”Ата Журт Кыргызстан” партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныйт

“Ата Журт Кыргызстан” партиясы шайлоону толук тааныйт. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлү Шүкүрбек Эркебаев Булак. кж редакциясына билдирди.

“Негизинен бул шайлоо таза өттү деп кесе айта алам. Эч ким бири-бирине тоскоол болгон жок. Админресурс колдонулган жок. Мурда акча таратылчу, башаламан шайлоо болуп келген”, – деди Эркебаев.

“Бүт укук коргоо органдары шайлоону камсыздап турду.

Бул шайлоонун жыйынтыгын толук тааныйбыз жана тааныбаганга да себеп жок”, – деди ал.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстанда парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялады.

АСУнун (автоматтык эсептөө урнасы) маалыматы боюнча, беш пайыздык босогодон алты партия өтүп, алардын ичинен “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы шайлоочулардын 17,4 пайыз добушун алып, 15 мандатка ээ болду.

Тизме:

  • Бакыт Төрөбаев;
  • Фархат Исмаилов;
  • Таалайбек Сарыбашов;
  • Айбек Маткеримов;
  • Жеңишбек Токторбаев;
  • Жылдыз Садырбаева;
  • Равшанбек Сабиров;
  • Эльдар Сулайманов;
  • Алишер Козуев;
  • Жаныбек Кыдыкбаев;
  • Мейкинбек Абдалиев;
  • Жамиля Исаева;
  • Надира Нарматова;
  • Камила Талиева;
  • Гүлшаркан Култаева.

Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.