
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров №26 Ленин бир мандаттуу округунда абактагы Равшан Жээнбековго добуш бергенин «Евразиянеттин» («Eurasianet») редактору Питер Леонард социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.


«Прессага атайын ачыкталган болушу мүмкүн (балким андай эмес), президент Жапаров бир мандаттуу округда 2019-жылдын август айындагы башаламандыкка айыпталып, иши сотто каралып жаткан Равшан Жээнбековго добуш берди», — деп жазды Леонард.