Митингчилер: Эки күн убакыт беребиз, болбосо…

Бүгүн, 29-ноябрда шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болуп, БШКнын алдына чогулган партиялар бийликке 2 күн убакыт берип тарап кетишити.

Оппозициячыл партия өкүлдөрү парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, иликтөө жүргүзүү талабын коюшту.

«Биз бийликке 2 күн убакыт беребиз. Шайлоону жокко чыгарып, Боршайкомдун мүчөлөрүн отставкага кетирсин жана аларды жоопко тартсын.

Ошондой эле бул шайлоонун коопсуздугуна коркунуч кетирген Министрлер кабинети кетсин. Тез арада кайра шайлоо жарыялансын!»,-деди “Ата Мекен” партиясы менен шайлоого барган Али Токтакунов.

Буга чейин БШКнын сайтында мүчүлүштүктөр орун алган. Алдын ала маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар чогулткан добуштар 150 пайыздан ашып кеткен.

Андан кийин БШКнын серверинде маалымат кабыл алуу бир канча убакытка токтоп калып (сбой), кайра ишке киргенде бардык сандар өзгөрүүгө учураган. Бул айрым партялардын нааразычылыгын жаратууда.