БШКнын алдына төрт партия чыкты

Бишкектеги БШКнын алдына парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына макул эмес экенин билдирген бир нече партиялардын өкүлдөрү чогулду.

Буга чейин митингге “Ата Мекен”, “Азаттык” жана “Улуттар биримдиги” партиялары катышууга ниеттенип жатканын кабарлашкан.

Митингчилерге Боршайкомдун жетекчиси чыкты.

Шайлдабекова:
“Биринчиден кече күнкү сайтта чыккан таблицанын катасы үчүн кечирим сурайм. Бирок АСУ системасы так иштеп атат, анын таза иштеп жатканына кепилдик беребиз. Добуштарды кол мн саноонун жыйынтыгында 100 пайыз биле алабыз. Эгер участкаларда мыйзам бузуулар болсо, бизге кайрылып берүүгө чакырам. Ошондой эле, саясий партиялардын өкүлдөрүн БШКга чакырабыз, анын натыйжасында кенен маалымат берүүгө даярбыз”.