Жумушчу топ талапкер боюнча материалдарды укук коргоо органдарына тапшырды

 БШКнын жумушчу тобу отчетторду карап чыгып, бир талапкер боюнча материалдарды укук коргоо органдарына тапшырды. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Искандер Гайпкулов брифингде билдирди.

Анын айтымында, талапкер каржылык ресурстары добуштарды сатып алууга жумшалышы мүмкүн деп шектелүүдө.

Гайпкулов талапкердин атын атаган жок.

Гайпкулов АКИpress агенттигине берген комментарийинде билдиргендей, сөз Аламүдүн округу боюнча талапкер жөнүндө болуп жатат.