
Алайкуу өрөөнүндө калың кар жаады.
Бул тууралуу видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Маалыматка караганда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда кар күрткүсү пайда болуп, жол жабылып калган.
Кошумчалай кетсек, Алайкуу өрөөнү Оштун Кара-Кулжа районуна карайт. Алыскы тоолуу бул аймакта кыш катаал болот.