
Ысык-Көл облусундагы бардык шайлоо участокторунда добуш берүү өз нугунда жүрүп жатканын Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү Айбек Сатиев билдирди.
«Жарандарды кабыл алуу саат 08:00дө башталды. Күндүн суугуна байланыштуу 2-3 тилкеде техникалык мүчүлүштүктөр болду.
Адистер жерине барып, техникалык жааттагы көйгөйлөрдү чечип жатышат. Ошондой эле шайлоонун жүрүшүн эл аралык жана коомдук байкоочулар көзөмөлдөшүүдө», – деди ал.