Туйгунаалы Абдраимов УКМКга сурак берди

Бүгүн, 27-ноябрда Чүй облусунун мурдагы жетекчиси, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы, саясатчы Туйгунаалы Абдраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип чыкты.

Абдраимов атайын кызматка бир күн мурда “бийликти күч менен басып алууга даярданган” деген шек менен кармалгандарга байланышкан иш боюнча чакырылганын кошумчалады.

Улуттук коопсуздук комитети 26-ноябрда шайлоодон кийин “бийликти күч менен басып алууга даярданган” деген шек менен 15 адам камалганын билдирген.

Алардын төртөөнүн аты бүгүн, 27-ноябрда белгилүү болду. Алар – Бакыт Жетигенов, Бекназар Купешов, Азамат Мусакеев, Нурбек Калекеевдер. Биринчи май райондук сотунун чечими менен төртөө эки айга камакка алынды.

УКМК кармалган адамдарга байланыштуу Жазык кодексинин 38 жана 309-беренелери (бийликти күч менен басып алууга даярдануу) менен сотко чейинки өндүрүш ачылганын билдирип, аны иликтөө үчүн Башкы прокуратура мекемелер аралык топ түзгөн.