Рыскелди Момбеков шайлоого катышат

Рыскелди Момбековдун талапкерлигин сот калыбына келтирди.

Бул тууралуу саясатчы “Азаттык” радиосуна кабарлады.

“Мындан жарым саат мурда Бишкек шаардык административдик сотунун судьясы Азиз Эшалиев менин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча берген арызымды толугу менен канааттандырды. БШКнын 24-ноябрда кабыл алган чечимин жокко чыгарып, мени кайра шайлоо тизмесине киргизди. Соттун чечимин акыйкат, адилет деп эсептеймин”, – деди Момбеков.

Момбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына Социал-демократтар партиясынан талапкер болгон.

Ал буга чейин талапкерлигин калыбына келтирүү үчүн Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылган. Саясатчы 26-ноябрда видео кайрылуу жасап, бийликти сындап келгени үчүн кысымга кабылганын жана конституциялык укугу бузулганын айтып чыккан.