Ошто талапкер Бекболот Арзибаев УКМКга сурак берди

Ош шаарында парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан ат салышып жаткан талапкер Бекболот Арзибаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке каржы иштерине байланыштуу сурак берип чыкты.

Бул тууралуу анын тарапташы Айсулу Аскарбекова Фейсбук баракчасында билдирди. Талапкер өзү үгүт өнөктүгү башталып, эл менен жолугушуу уланып жатканын жазды.

25-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) №7 шайлоо округунан ат салышып жаткан талапкер Бекболот Арзибаев каржы маселесине байланыштуу кармалганын билдирген.

Маалыматта талапкер үгүт иштерин шайлоо фондунан тыш каржылаганы аныкталганы айтылган.