
Ош облусунда мал-жандыкка кол салган карышкырлар атылды.
Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Экология жана Климат мамлекеттик комитетинин Ош аймактык бөлүмүнүн аңчылары тарабынан Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө 5 карышкыр 1 чөө атылган. Ошондой эле Алай районунун тоолуу аймактарында 4 карышкыр атылган.


Буга чейин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Алайкуу өрөөнүнүн эли менен жолугушкан.
Жыйында тургундар мал-жандыктарга карышкырлар кол салган учурлар көбөйүп жатканын айтып, бул көйгөйдү чечип берүүнү суранышкан.