Кыргызстанда «жымжырт күн», үгүт материалдарын жарыялоо болбойт

  27-ноябрдан тартып Кыргызстанда шайлоо алдындагы «жымжырт күн». Ага ылайык, добуш берүүдөн 24 саат мурун, тагыраак айтканда, 27-ноябрь саат 8:00дөн баштап талапкерлер үгүт кампаниясын жүргүзө алышпайт.

Мындан тышкары, БШКдан каттоодон өткөн теле, радио, интернет-сайттар, гезит-журналдар аркылуу үгүт материалдарын жарыялоого тыюу салынат. Ушундай эле максатта эл чогултууга дагы болбойт. Көчөлөргө илинген баннерлер да алынышы шарт.

«Жымжырттык күнүн» шайлоо процессинин катышуучулары бузган учурда, БШК мыйзам бузуучуга чара көрүүгө укуктуу.

Кошумчалай кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Анда 21 партия, бир мандаттуу округдан 287 талапкер ат салышат.