Ала-Бел тилкесинде Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа чыгарылды

261087494 266935642145836 7508629683279772124 n Ала-Бел тилкесинде Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа чыгарылды

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 213-чакырымында Ала-Бел тилкесинде Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа, жолдун четинде оодарылып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине куткаруу тобу КаМАЗ унаасы менен тартылып, тыгылып калган унааны сүйрөтүп чыгарып беришкен.

Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Андыктан тоолуу аймактарга жолго чыгып жаткан айдоочулар төмөнкү сунуштарды эске алуусу керек:

  • ӨКМдин Гидрометеорология агенттигинин аба ырайы жөнүндө маалыматын эске алуу;
  • Тоолуу аймактардагы жолдор аркылуу айдап жатканда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо;
  • Унааларга кышкы дөңгөлөктөрдү салуу;
  • Аптечка, чынжыр жана чакан күрөк алып алуу.
387321 1 Ала-Бел тилкесинде Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа чыгарылды