Жолдорду кардан тазалоого 38 атайын техника, 26 кар тазалоочу унаа тартылды

Бишкек шаарында жолдорду кардан тазалоого иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол тазалоо иштерине 38 атайын техника, 26 кар тазалоочу унаа, 4 кичи трактор тартылды.

«Жол тазалоо иштери таңкы саат 4:00дө башталган. Мындан тышкары 650 көчө шыпыргыч штаттык негизде иштеп жатат. 133 көчөгө 20 тонна туз керектелди. Учурда «Тазалык» кызматкерлери жолдорду кардан тазалоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.