Ысык-Ата районунда милиция кызматкерлери тарабынан бир нече уурулукка шектүү жаран кармалды
2021-жылдын 24-ноябрь күнү Ысык-Ата РИИБнө арыз менен Ново-Покровка айылынын тургуну 1988-жылы туулган Х.Т. кайрылган, себеби белгисиз жаран тарабынан анын үйүнө эшигин талкалап кирип жалпысынан 235 000 сом турган алтын буюмдарын уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталган.
Чүй ОИИББнын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жана Ысык-Ата РИИБдүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы фактыга шектелип мурда соттолгон 1999-жылы туулган Ш.Т., аттуу жаран кармалган. Сотко чейинки өндүрүштө кармалган жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып уурдалган алтын буюмдарын өз калоосу менен кайтарып берген.
Милиция кызматкерлерин жүргүзүлгөн ыкчам ищтердин натыйжасында шектүү адам Ысык-Ата районунда дагы 10 факты уурулукка катышы бар экендиги аныкталды.
Учурда шектүү кармочуу жайга киргизилген.
Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.