
БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна №11 Алай шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бакытбек Саиповдун үстүнөн арыз түшкөн.
Ал Ош облусунун Кара-Кулжа айылында алкоголдук ичимдиктерди бекер таратып жүргөнү такталган.
Маалымат шайлоочуларды сатып алуу фактысын текшерүү үчүн Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.
Шайлоо 28-ноябрга белгиленген.