Садыр Жапаров “Кыргызкөмүр” ишканасынын эки кызматкерин кызматтан алды

Садыр Жапаров “Кыргызкөмүр” ишканасынын директорунун орун басары Надырбек Бекжановду жана ишкананын коммерциялык директору Тимур Чокморовду ээлеген кызматынан бошотту.

Мындай чечим бүгүн, 26-ноябрда өткөн Коопсуздук Кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Өлкө башчы кызматкерлер канааттандырарлык эмес иштегени жана кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кызматынан бошотулгандыгын билдирген.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жазында Токтогул суу сактагычында суу 8 миллиард кубдан аз болсо энергетика министри Доскул Бекмурзаевге чара көрүү чечимин кабыл аларын билдирген.