
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилгенине байланыштуу сотко арыз тапшырды.
Бул тууралуу ал, бүгүн 26-ноябрда видео кайрылуусунда айткан.
Буга чейин БШК Момбековду шайлоодон четтетүу тууралуу чечим кабал алган.
Буга анын диплому жасалма экени тууралуу маалымат негиз болгон.
УКМК Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүткөнү тууралуу жасалма диплом алганы боюнча БШКга маалымат берген.