Партияга үгүт иштерин жүргүзүп жаткан жарандар кармалды, – видео

Шайлоочуларды сатып алуу фактысы аныкталып, шектүүлөр кармалды.

Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы 25-ноябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга борбор калаанын Н. аттуу тургуну Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бирин колдоп шайлоочуларды сатып алуу менен активдүү алектенип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Жазык кодексинин 192-беренеси («Шайлоочуларды сатып алуу») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө талапкерге жана партияга үгүт иштерин жүргүзүп жаткан А.А. М.Н. аттуу жаранга 10 миң сом бергени аныкталды. М.Н. аны 10 шайлоочуга бөлүп бериши керек болчу.

YouTube video