Орусиянын борбору Москва шаарында блогер Гусейн Гасанов менен Арутюн Назарян кыргызстандык таксистке жаны унаа белекке берди.
Гасанов алгач таксисттерди бир сыйра бекер жеткирип бергенди суранган. Ким бекер жеткирсе, ага унаа белекке бермек болгон. Акырында кыргыз жараны акысыз жеткирип бергенге макул болот.
Блогер тасманы социалдык баракчасына киргизип, тараткан.
Блогер кыргызстандыктын проблемасы тууралуу сураганда, ал кызы ооруп,ага операция кылуу керектигин билдирген жана ошондой эле ал карызы бар экендигин айткан.
Айдоочу Кыргызстандан экенин, унааны ижара алып айдап жүгөнүн, Москвада көптөн бери иштеп, 40 миң рублга жакын акча табарын айткан.
Андан соң блогерлер автосалонго келишип, кыргызстандык жаранга жакшылык кайра кайтып келерин айтып, унаа белек кылышкан.
Гасанов унаа белекке тартуулаганда, таксист ыйлап жиберди.