КМК тарабынан кармалган Мелис Аспеков 17-ноябрда ооруканадан СИЗО-1ге которулган. Бул тууралуу ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аспеков СИЗО-1ден өзүн жаман сезгенден улам 19-ноябрда ооруканага кайра жеткирилген.
“Аспеков Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн, кийинчерээк кайра палатага которулган“, – деди басма сөз кызматынан.
Буга чейин Мелис Аспеков инфаркт алып ооруканага жаткырылган. Андан соң жүрөгүнө операция жасалып, менчик клиникалардын биринде операциядан кийин дарылануусун улантып жаткан