“Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!

 «Эл Үмүтү» партиясынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосуна карата үгүт иштеринин алкагында Кыргызстанды кыдырган «Үмүт кербени» өзүнүн сапарын аяктады.

photo 2021 11 24 18 34 19 “Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!

Талапкерлердин биримдиктүү командасы өлкөнүн 7 дубанын  кыдырып, 30га жакын шаарда, 40тан ашуун айыл-кыштактарда болуп кайтты. “Үмүт кербенинин” жүрүшүндө жүздөгөн жолугушуулар өтүп, ага миңдеген адамдар катышты. Сапар шаардан шаарга, райондон районго, айылдан айылга, үйдөн үйгө чейин уланды.

Адатка айланып калгандай, кооздолгон баннерлерди, көрнөк-жарнактарды жер жайната илип коюп, же болбосо атайын PR-адистер иштеп чыккан жарнамалык роликтерге тартыла салып, куру убада берип шайлоого аттануу алда канча жеңил.

Ал эми ар бир шайлоочу менен көзмө-көз жолугушуп, жандуу баарлашуу аркылуу үгүт ишин жүргүзүү алда канча татаал. Талапкерлердин баары эле мындайга даай алышпайт. «Эл Үмүтү» партиясынын талапкерлери башкалардан айырмаланып мына ушул эң оор жолду тандап алышты. Анткени алар өздөрүнө ишенишет жана элдин көзүнө тайманбай, чочулабай тике карай алышат. 

Ошондой эле «Эл Үмүтүнүн» талапкерлери өлкөнү командасы менен кыдырып чыгып, өз үгүтүн аларды жакшы билген жерлерде эмес, алар туурасында эч ким укпаган, билбеген жерлерде жүргүзүп, буга чейинки үгүт кампанияларынын көнүмүш болуп калган бардык стереотиптерин талкалашты.

photo 2021 11 24 12 40 04 “Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!

Демек, “Үмүт кербенинин” жүрүшү боюнча, оор болсо да мындай үгүт буга чейин болуп көргөн эмес деп тайманбай айтууга болот!  

Талапкерлердин бул демилгесин элеттиктердин басымдуу бөлүгү колдоого алса, айрым учурларда талапкерлер мекендештердин ишенбөөчүлүгүнө да кабылышты. Шайлоочулар «Эл Үмүтүнө» же талапкерлерге эмес, дегеле саясатчыларга, бийликке, шайлоого ишенбей калышканы байкалды.   

Кыргызстандыктар кандай үгүт кампанияларына көнүп калышкан? Кайталана берип ашмалтайы чыккан дүжүр кептерге, сценарийлерге, эзели аткарылбаган убадаларга тоюп бүтүшкөн. Эски саясий элита карапайым элден кандай алыс болсо, алар берген куру убадалар да так ошондой турмуш чындыгынан алыс.  

«Жарандарыбыздын ишенимин кайтарып келүү оңойго турган жок. Биздин жарандардын жүрөгүн ойготуп, аларды угууга, ишенүүгө аргасыз кылуу – чынында эле оңой иш эмес экенин көрдүк! Бирок биз буга моюн сунуп калган жокпуз. Бардык эшиктерди каккылап, адамдар менен сүйлөштүк, ишендиргенге аракет кылдык, өзүбүз, партиябыз, иштеп чыккан платформабыз туурасында айтып бердик. Эң эле ыңгайсыз суроолорго да жооп бердик – жарандарыбыз менен мүмкүн болушунча эч нерсени жашырбай, баарын ачык-айкын сүйлөштүк! Мына ошондон кийин гана алар бизге жүрөктөрүн ачышты.

Айрым учурларда элдин салкын, көңүлкош мамилеси менен башталган жолугушуулар жыйынтыгында жылуу-жумшак маанайда аяктап жатты. Талапкерлер “Биз ишенбөөчүлүктүн дубалын талкалап, адамдарга эң башкы ойду – биз эски чириген системаны чогуу талкалай аларыбызды, бийликке кесипкөйлөрдү алып келип, жаңыланууга багыт ала аларыбызды жеткирдик», – дешүүдө.

Шайлоочулар талапкерлер менен өзүлөрүнүн үмүттөрү, келечек пландары туурасында ой бөлүшүп, келечектеги эл өкүлдөрүнө кеп-кеңештерин айтып, баталарын берип, ак жол каалап узатышты. 

«Үмүт кербенинин» жүрүшүндө биз республиканын бардык аймактарында эл бир гана нерсени – люстрацияны, жаңыланууларды, өзгөртүүлөрдү күтүп жатканын түшүндүк. Биз менен жолугушкан жарандарыбыз аларда дагы эле үмүт оту өчпөгөнүн айтып жатышты. Ошондуктан биз, «Эл Үмүтүнүн» талапкерлери, ушул үмүттү актоого милдеттүүбүз!» – дешет жаш саясатчылар.

Кыргызстандыктар “Эл Үмүтүндөгү” улан-кыздарга ишеним артышууда. Алар талапкерлер менен жолугушууда өздөрүнүн пикирлери менен бөлүштү.

«Бүгүн бизде катары билимдүү, таза, эрки күчтүү жаш талапкерлерден куралган «Эл Yмүтү» партиясы бар. Келгиле, мына ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, «Эл Yмүтүн» шайлайлы да Кыргызстанды өзгөртөлү!» – деп билдирди жолугушууда Баткендин тургуну Алчын Эшматов.

“Эл Үмүтү” партиясынын дагы бир тарапташы Турсунай Жайлообаева: «Эгерде «Эл Үмүтүнүн» жаштары шайлоого бараткан болсо, биз аларга добуш бербей кантип  үйдө отуруп калабыз? Мен «Эл Үмүтүнүн» талапкерлерине добуш берем, анткени аларга абдан ишенип турам. Эски саясачылар буларга ордуларын бошотуп беришсин», – деди. 

Эми кыргызстандыктар өздөрүнүн чечкиндүү кадамын 28-ноябрь күнү жасашы керек. Бул күнү ар бирибиздин, өлкөбүздүн тагдыры чечилет. Баткендеги жолугушууда айтылгандай, мамлекетти эл эмес, олигархтар башкарган мезгил өттү! Бул шайлоо Кыргызстандын эртеңки келечегин аныктайт!

Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү жаш партиячылардын бекемдигин, туруктуулугун, талапкерлердин партиянын бийик максаттарына жана принциптерине берилгендигин сындады. Бул сынак «Эл Үмүтүнүн» талапкерлеринин чыныгы партиячылардан талап кылынгандай, биримдиктүү команда менен иш алып бара турганын көрсөттү. Ар кимиси өз көмөчүнө күл тартпастан, өзүнчө көкүрөк какпастан, партиянын «Эл Үмүтүнүн» ар бир мүчөсүнө мүнөздүү болгон башкы баалуулуктарын көрсөттү.

Жалпылап айтканда, «Эл Үмүтүнүн» талапкерлеринин кыргызстандыктардын мындай жалпы колдоосуна ээ болушу алардын жеңишке жетишип, Жогорку Кеңештин депутаттары катары кыргызстандыктардын үмүтүн актай тургандыгынын бирден-бир далили. Мындан эч кандай күмөн саноого болбойт!  

Эң башкысы, баары алдыда!

photo 2021 11 24 18 39 16 “Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!

КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН АЛДЫГА!

БИЗ МЕНЕН БОЛ!

«ЭЛ ҮМҮТҮ» №18!

photo 2021 11 24 16 22 14 “Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!
photo 2021 11 24 18 29 54 “Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!
photo 2021 11 24 18 31 03 “Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!
photo 2021 11 24 15 25 03 “Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!
photo 2021 11 24 15 24 45 “Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!
photo 2021 11 24 18 29 58 “Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!
photo 2021 11 24 18 29 48 “Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!
photo 2021 11 24 16 22 50 “Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!
photo 2021 11 24 18 34 40 “Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!
GLAVNOE FOTO “Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!
photo 2021 11 24 16 22 13 “Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!
photo 2021 11 24 18 37 21 “Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!
photo 2021 11 24 18 37 08 “Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!
GLAVNOE FOTO 1 “Эл Үмүтү” – биз эски саясий түшүнүктөрдү талкалап, бийликти элге кайтарып беребиз!

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү-183 дарегинде берилген №24 каттоо күбөлүгү боюнча 2021-жылдын «25» октябрындагы №5 келишимге ылайык «Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Кенесариеванын буйрутмасы боюнча аткаруучу ОО «Масс Медиа Групп»
Бишкек шаары, Юг-2, 9-41.
Басылган күнү 25-ноябрь 2021-ж.
«Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен төлөндү.