Мал уурулука шектүү адам кармалды

Жайыл районунда милиция кызматкерлери тарабынан мал уурулука шектүү адам кармалды
2021-жылдын 22-ноябрь күнү Жайыл РИИБнө арыз менен Жайыл районунун Новониколаевка айылынын тургуну 1958-жылы туулган Ш.Ф. кайрылган, себеби 2021-жылдын октябрь айынын башында белгисиз адамдар арыз ээсинин Жайыл районунун Ак-Башат айыл өкмөтүнө караштуу МТФ-3 дарегинде жайгашкан сарайдан арыз ээсине тиешелүү болгон 6 баш сегиз жана тогуз айлык торпокторду жашыруун уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкендигин билдирген.


Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталган.


Чүй ОИИББнын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жана Жайыл РИИБдүн криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы фактыга шектелип 1988-жылы туулган Д.Э., атту жаран кармалган. Учурда шектүү кармочуу жайга киргизилген.


Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү учурунда шектүү уурдаган малдарды өзүнүн таанышына карызын жабуу максатында бергендиги белгилүү болгон.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.