Талаада эркек кишинин жансыз денеси табылды

21-ноябрь күнү эртең менен Аламүдүн районунун Ленин айыл өкмөтүндөгү талаада эркек кишинин жансыз денеси табылды. Милиция анын өздүгүн аныктап жатат.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек—Нарын—Торугарт айланма жолунан 200 метр алыс жерде 35-40 жаштагы азиат түспөлүндөгү эркек кишинин сөөгү табылган.

Милиция маркум тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандардан жардам сурайт.

whatsapp image 2021 11 22 at 14 38 05 1 Талаада эркек кишинин жансыз денеси табылды

Чүй ОИИББдин нөөмөт бөлүмү: 0312 43 01 27.

Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмү: 0312 36 35 27, 0312 36 35 23, 0550 34 33 63, 0504 77 22 77.

Өзгөчө белгилери: бою 170-175 см, чачы кыска, кара түстө, оң колунун билектен ылдыйкы бөлүгү жок.

Кийген кийими: кара түстөгү куртка, кара-көк түстөгү кофта, кара түстөгү спорттук шым, кара маасы жана көлөч.