Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамдарынын саны көбөйөт

1-декабрдан тартып Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы туруктуу аба каттамдарынын саны көбөйөт. Бул тууралуу Москвага жумушчу сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукканда белгилүү болду.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өкмөт башчылары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана отун-энергетикалык тармактардагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин да талкуулады.

Ошол эле маалда тараптар Кыргызстанга билим берүү мекемелерин куруу долбоорун эртерээк баштоо маселесин сүйлөштү. Быйыл февралда президент Садыр Жапаров Россияга барганда Москва Кыргызстанга орусча окута турган 44 мектеп курууга убада берген.

Мындан тышкары эки өлкөнүн өкмөт башчылары салык жана бажы системаларын санариптештирүү, анын ичинде салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу маселелерин талкуулап, Кыргызстанда маалыматтарды иштеп чыгуунун заманбап борборун түзүү зарылдыгын белгилешти. «Биз үчүн Россиянын бул багыттагы тажрыйбасы өтө маанилүү», — деди Жапаров.

Өз кезегинде Михаил Мишустин орус тарап «эки тараптуу кызматташтыкты биргелешкен долбоорлор менен толуктап, жаңы деңгээлге чыгарууга» кызыкдар экенин белгиледи.