
Бишкек шаарында жер төлөөдөн өрт чыгып, 61 жаштагы жаран көмүр кычкыл газына ууланган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22-ноябрь күнү Бишкектеги Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүндө таштанды жана эски кийим-кечелер күйгөн.
«Өрттүн кесепетинен 1960-жылы туулган К.А. аттуу эркек киши көмүр кычкыл газына ууланган. Жабыркаган жаран тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда абалы туруктуу»,-деп айтылат маалыматта.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.