Аламүдүндө 36 турак-жай текшерилди

Аламүдүн районунун аймагында кылмыштуулукту алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө
Аламүдүн районунун ИИБдүн аймактык тескөөчүлөрү жана Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы менен Таш-Дөбө, С. Чокморов, Малиновка жана Байгелди айылдарында кылмыштуулукту алдын алуу максатында жарандарды кабыл алуу иш-чаралары өткөрүлдү, иш-чаранын жүрүшүндө жалпы 36 турак-жай текшерилип, ар кандай социалдык суроолор боюнча 3 арыз алынып, 24 тургунга жеринен юридикалык жардам берилген.


Кайрылууларда ар кандай социалдык суроо-талаптар менен кайрылышып, аларга жеринен юридикалык жардамдар берилген.

WhatsApp Image 2021 11 23 at 08.37.14 1 2 Аламүдүндө 36 турак-жай текшерилди


Ошондой эле, 2021-жылдын 28-ноябрь күнүнө белгиленген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүдө жана шайлоо өткөрүү учурунда ар кандай үгүт иш-чараларында аныкталган укук бузууларды жана добуш сатып алуу фактыларына күбө болгондорду ички иштер органына кабарлоосу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

WhatsApp Image 2021 11 23 at 08.37.14 3 Аламүдүндө 36 турак-жай текшерилди


Милиция кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар менен болгон жолугушууларда, малдарды жол жээктерине кароосуз калтыруу да жол кырсыктарына себепкер болоорун айтышып, уурулук жана башка кылмыш иштери боюнча алдын алуу иш-чаралары да жүргүзүлдү.


Алдын алуу иш-чарасында жарандардан 2 кайрылуу түшүп, алар өз убагында тиешелүү органдарга жиберилген.