«Турмушка 40 жашта эле эмес, 60 жашта да чыкса болот», – Шевченко

Бишкек шаарына келген Валентина Шевченко бүгүн, 22-ноябрда маалымат жыйынга катышып жатат. Анын алкагында жеке жашоосуна байланыштуу суроо да узатылды.

Бардык нерсенин өзүнүн убагы болот, деп эсептейт чемпион кыз.

«Эгерде 21 жаштагы кыз турмуш курам десе, бул өзүнүн чечими. Башка курагында турмуш курам деген кыздын да өзүнүн тандоосу. Турмушка 40 жашта эле эмес, 60 жашта да чыкса болот», – деди В.Шевченко.