
«Non-Stop» дуэтинин мурунку курамы кайрадан бирикти.
Бул маалыматты Чолпон Талипбек менен Максат Садырбеков бүгүн, 22-ноябрда АКИpress агенттигинде өткөн маалымат жыйында айтышты.
Бул музыкалык долбоор мындан 10 жылдай убакыт мурун башталып, кастинг аркылуу 2 солист — Чолпон менен Максат тандалган. Команда чет өлкөлөрдөгү сынакка катышууга жетишти.
Жалпы 8 жыл бирге эмгектенген дуэт 2017-жылдын декабрында тараганын жарыялашкан.