“Эл Үмүтү” партиясынын “Үмүт кербени” мекен кыйырындагы Баткен облусуна болгон сапарын жыйынтыктады. Облустун эли менен жолугушуу үчүн барган талапкерлер алгач жолугушууну Кызыл-Кыя шаарынын эли менен кезигүүдөн башташты.
Жолугушууга келген эл талапкерлерди шаңдуу маанайда тосуп алып, партиянын программасы, талапкерлер менен жакындан таанышыты. Кызыл-Кыя шаарынын тургундары “Эл Үмүтү” партиясынын программасын, жаштардын аракетин колдоого алышарын жашырышкан жок. Чогулгандардын көпчүлүгү эски саясатчылардан тажашканын, мамлекеттик бийликке жаштар, жаңы жүздөр келишин каалап жатышканын айтышты. Алардын бири, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Айзада Каарова буларга токтолду:
“Кыргызстанда шайлоо өткөргөн сайын бийликтеги адамдар же алардын жакындары партияны жетектеп, аралашып келишти. Бул сапар мен “Эл Үмүтү” партиясында талапкерлердин басымдуу бөлүгү жаштар экенин көрүп, ар бир талапкерди интернет барактарынан изилдегенге аракет кылдым. Партиянын талапкери Аскар Алмаз уулу да өзү карапайым элдин арасынан суурулуп чыккан, чыгаан жаш жигит экен. Лидер таза болсо, артындагы талапкерлер дагы таза адамдар болсо керек деген ой жаралды. Мени “партиянын жыйынына катыш” деп эч ким чакырган жок, жаштардын үнүн угайын, партиянын программасы менен таанышайын деп өзүм келдим. Мен “Эл Үмүтү” партиясын колдойм. Элдин үмүтү жаштарда, ийгилик каалайм”, – деди ал.
Айзада Каарованын сөзүнөн кийин “Эл Үмүтү” партиясынын катарындагы талапкер Анаргүл Исакова шайлоочуларга кайрылып, 18-ноябрда өтчү шайлоодо “Эл Үмүтү” партиясына добуш берүүгө чакырды:
“Урматтуу шайлоочулар, 30 жылдык уйкудан ойгонуп, бул жолу туура тандоо жасаңыздар. Эл үчүн, мамлекет үчүн кызмат кылалы деген жаштар биригип алдыңыздарга келип отурабыз. Биз эл үчүн каруубузду казык кылып, тикебизден тик туруп иштеп берүүгө даярбыз. Азыр мамлекетибиздин, балдарыбыздын келечегин ойлой турган учурда жашап жатабыз. Ата-бабаларыбыз мурас кылып өткөрүп берген өлкөбүздү көздүн карегиндей сактап калуу сиздердин да, биздин да милдетибиз. Ошондуктан биз сиздерди келечекти ойлоп, туура чечим кабыл аласыздар деп ишенебиз. ” – деп элди партияга добуш берүүгө үндөдү.
Ошентип түшкө чейин Кызыл-Кыя шаарындагы чогулган эл менен жолугуп, партиянын программа, платформасын элге тааныштырган талапкерлердин кийинки сапары Кадамжай районунуна бет алды.
Кадамжай шаарындагы жолугушууда “Эл Үмүтү” партиясын колдоп сөз сүйлөгөн жергиликтүү тургундар арбын болду, Алардын бири, Байзак Исаков элдин көбү учурда жаңы жүздөрдү, жаңы адамдарды шайласак деп жатышканын баса белгилеп, шайлоодо “Эл Үмүтү” партиясынын мүмкүнчүлүгү жогору экенин билдирди. Ал өз сөзүндө эски саясатчылардан эл тажаганын айтты.
“Эл Үмүтү” партиясынын платформа, программасы менен таанышып чыккам. Бүгүн жаштардын жүздөрүн көрүп партияга болгон ишенимим жогорулады. Билимдүү, келечеги кенен, мамлекеттин жүгүн тарта ала турган жаштар биригишиптир. Мен эл арасында жүргөн, элдин оюн жакшы билген жаран катары айтсам, эл азыр эски саясатчылардан тажады. Жаңыларды, жаштарды колдосок деп турушат. Андыктан шайлоодо “Эл Үмүтү” партиясынын мүмкүнчүлүгү жогору деп айтсам болот. Кадамжайда “Эл Үмүтү” партиясынын колдоочулары көп”, – деп кошумчалады ал.
Күндүн экинчи жарымында, “Үмүт кербени” Баткен шаарына барып жетти. Облустук драм театрга чогулган Баткендиктер талапкерлерди шаңдуу маанайда, жогору деңгээлде тосуп алышты. Эл алдына чыккан талапкерлер алгач өздөрүн элге тааныштырып, андан соң партиянын программасы тууралуу маалымат беришти. Ар бир талапкер менен тааныштырып, алардын иш тажрыйбасы жөнүндө элге кыскача маалымат берген Улукбек Карыбек уулу, алгач сөздү талапкер Болот Ибрагимовго узатты.
Болот Ибрагимов “Эл Үмүтү” партиясы парламентке шайланып, депутат болуп кала турган болсо, эң алгач партия коррупция менен күрөшүүнү колго алаарын айтты.
“Коррупция бул өтө коркунучтуу нерсе. Коррупцияны азайтмайын, мамлекетти, элдин турмушун жакшыртуу кыйын. Ошондуктан биз, “Эл Үмүтү” партиясы сиздердин колдоого ээ болуп, парламентке барып калсак, алгач эле баштаган иштерибиздин бири бул коррупция менен күрөшүү болмокчу. Коррупцияны ооздуктоо боюнча бизде конкреттүү программалар бар. Биз ыкчам аракеттерди көрүп, жыйынтык көрсөтүүгө аракет жасайбыз. Кыргызстандын эң биринчи душманы бул коррупция, коррупциянын айынан элибиз кедей, мамлекетибиз алсыз болууда. Эгерде биз коррупцияны түп-тамырынан бери жок кылып, күчтүү, бай өлкөгө айлана алсак, анда эч бир мамлекет бизге кол салууну кыялданбайт. Ошондуктан биз парламентке коррупциянын тамырын кыркуу үчүн барабыз. Биз элдин кыжырына тийген, эл жек көргөн депутат болбойбуз, биз элдин, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кызмат кылган депутат болобуз”, – деди.
Элдин атынан сөз алып сүйлөп, талапкерлерге дем берген Баткен шаарынын тургуну Алчынбек Эшматов “Эл Үмүтү” партиясы үмүттү жандырган келечектүү партия экенине токтолуп, элди жаштарга добуш берүүгө үндөдү.
“30 жылдан бери эскилер мамлекетти өнүктүрө алган жок. Пандемия учурунда малекет алапайын таппай, канчалаган адамдарыбыз каза болушту. Кыргызстандын медицина, билим берүү, экономика тармактарын кантип өнүктүрөбүз? Жаш талапкерлер сиздердин программаңыздарда бул нерселер камтылыптыр. Депутаттар жакшы иштесе, элдин турмушу оңолот, элдин турмушу оңолушу үчүн биз татыктуу депутаттарды шайлашыбыз керек, ал татыктууларды мен “Эл Үмүтү” партиясынан көрүп турам”- деди ал.
“Эл Үмүтү” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган, буга чейин Баткен шаардык кеңешинин депутаты, Баткен шаарынын мэри болуп иштеген Гапарали Маатказиев “Эл Үмүтү” партиясы башка партиялардан кескин айырмаланаарын айтып, Баткендиктерди 28-ноябрь күнү “Эл Үмүтү” партиясына добуш берүүгө чакырып, кайрылуу жасады.
“Урматтуу менин жердештерим, бул шайлоо Кыргызстандын келечегин тандоочу шайлоо. Алдыңыздарда “Эл Үмүтү” партиясынын жаш талапкерлери келип олтурушат. Бул командада эң улуусу мен 55 жаштамын. Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылы төрөлгөн балдар 30 га чыкты, бирок 30 жылдан бери мамлекетибиз өз ордун таба албай келе жатабыз. 30 жылдан бери шайлоого катышып келе жаткан жыйырмадан ашык партия бул сапар дагы шайлоого аттанышты. Буга чейин дагы алар жакшы программаларын айтып үгүт иштерин жүргүзүп, депутат болуп бийликте жүрүштү. Бирок мамлекет алдыга жылган жок. Тескерисинче мурда депутат болуп жүргөн, саясий элиталардын жеке ишканасы оңолуп, жакындарынын жашоосу жакшырып бай жашап жатышат. Көрсө буга чейин мамлекетти, элди эмес, өзүнүн чөнтөгүн ойлогон адамдар башкарып жатышыптыр. Мына туугандар “Эл Үмүтү” партиясында эл үчүн, мамлекеттин келечеги үчун иштейм деген билимдүү, чыгаан талапкерлери алдыңарда турат. Бул командага мен кепилдик берем. “Жаш келсе ишке, каары келсе ашка”- дейт, “Эл Үмүтү” партиясын колдоп бериңиздер” деп, Баткендиктерге кайрылуу жасады.
Ошентип “Эл Үмүтү” партиясынын Баткен облусуна болгон сапары жыйынтыкталды. “Эл Үмүтү” партиясынын талапкерлери бир айлык үгүт ишинин алкагында Кыргызстанды түрө кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүштү. Барган жеринин баарында партия өкүлдөрүн эл жылуу маанайда тосуп алып, ийгилик каалап, кадырлуу карылар ак батасын берип, алкыш айтып узатып жатышты.
«Эл Үмүтү» партиясы – №18. Жаштар аракетте!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү-183 дарегинде берилген №24 каттоо күбөлүгү боюнча 2021-жылдын «25» октябрындагы №5 келишимге ылайык «Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Кенесариеванын буйрутмасы боюнча аткаруучу ОО «Масс Медиа Групп»
Бишкек шаары, Юг-2, 9-41.
Басылган күнү 22 ноябрь 2021-ж.
«Эл Үмүтү социал-саясий партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен төлөндү.