КР президенти Садыр Жапаров бүгүн, 19-ноябрда Бишкекке иш сапары менен келген Татарстан Республикасынын президенти Рустам Минниханов (Россия Федерациясы) менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Тараптар эки тарапты кызыктырган бардык тармактардагы кыргыз-татар кызматташтыгын арттыруу маселелерин талкуулашты.
Мамлекет башчысы Рустам Минниханов менен жылуу учурашып, Кыргызстанды Россия менен союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген өзгөчө мамилелер байланыштырып тураарын белгиледи.
Кыргызстан аларды ар тараптуу бекемдөөнү жана өнүктүрүүнү көздөйт, анын ичинде регион аралык активдүү өз ара аракеттенүүнүн алкагында да.
Бул мамилелердин контекстинде Татарстан негизги орундардын бирин ээлейт жана кыргыз тарап эки боордош элдин бакубаттуулугу үчүн аларды өркүндөтүү ниетинде.
Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн бардык деңгээлдеринде эки тараптуу байланыштардын жогорку динамикасы байкалганын белгиледи.