Бишкектин Свердлов районунун акимиаты бизнес өкүлдөрү менен бирге жарандарды коронавируска каршы эмдөөгө үндөө боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эмдөө алган жарандарга төмөнкү дүкөндөрдөн соода кылгандарга арзандатуу болот:
— «Jools» — 15%;
— «NCS» — 15%;
— «Алиби» — 10%;
— «Patrizia» — 10%;
— «Спортмастер» – 10%;
— «Mia Home» — 5%;
— «Levise» — 10%;
— «Lady Collection» — 10%;
— «Mouline rouge» — 10 %;
— «Euro Moda» — 10%;
— «Leto Market» — 10%;
— «Sandra» — 10%.
Коомдук тамактануу жайлары жана сулуулук салондору да коронавируска каршы вакцина алган жарандарга арзандатууну сунуштайт:
— «Инсар» кафеси — 10 %;
— «Burger House» тез тамактануучу жайы — 10%;
— «Barbershop» чач тарач — 10%.
Жеңилдик алуу үчүн сизде паспорт жана коронавируска каршы вакцина алганыңызды тастыктаган сертификат болушу керек.