Бишкек-Нарын-Торугарт айланып өтмө унаа жолунда “Түндүкэлектронун” 3 кызматкери каза болду

Айланма жолдогу кырсыктан 3 киши каза болуп, алтоо жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт айланып өтмө унаа жолунун болжол менен 19-20-чакырымында УАЗ оор жүк ташуучу автоунаасы менен «Тойота Ипсум» жеңил автоунаасы кагышып, жүк ташуучу унаадан өрт чыккан.

«Өрт саат 17:40та чектөөгө алынып, 17:55те толугу менен өчүрүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

4ed5c9c4 b5a1 414e a5ef Бишкек-Нарын-Торугарт айланып өтмө унаа жолунда "Түндүкэлектронун" 3 кызматкери каза болду

Куткаруучулар жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.