
Бишкектин Свердлов районунун Буденный көчөсүндө турак үйдөн өрт чыгып, бөлмөсүндө диван жана төшөнчүлөр күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен 1989-жылы туулган эркек киши 3-даражадагы күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Абалы оор деп бааланууда.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жатат.