Байсалов:”Жамандын үйүн коногу башкарат”

Министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсалов аткаруу бийлиги коомчулуктун жана Жогорку Кеңештин толук көзөмөлүндө иштерин бүгүн 15-ноябрда Бишкекте бийликтин жана өкмөттүк эмес сектордун кызматташтыгын талкуулаган жыйында сүйлөп жатып айтты.

“Мындан кийин бизге келген коноктор бизди башкарбайт. Мамлекеттик органдарга сырттан келген каражаттар боюнча толук маалымат берилет жана көзөмөлдөнөт. Бул боюнча токтомго өзгөртүүлөр кабыл алынган”, – деди Байсалов.

“Бул Америка да эмес, Жакынкы Чыгыш да болбойт. Кыргыз тилинде макал бар: Жамандын үйүн коногу башкарат деген. Мындан ары биздин коноктор ич ара бизди бири-бирибизге кайраштыра ала алышпайт.

Мамлекеттик органдарга бейөкмөт уюмдарынын каржылоо жагы маалымдалып турат. Эгер керек болсо коомчулук тарабынан талкууланып мындан дагы кошумча чаралар каралат.

Биздин өкмөт ОБСЕ мамлекеттери тарабынан кабыл алынган, ошондой эле Америка жана Улуу Британия кабыл алган уюмдар гана иш алып барат.

Ал эми буга чейин донорлордун жана гранттар кандай жолу менен алынганын изилдейбиз жана аны менен бирге акчалар, гранттар кандай жол менен каякка кетирип жаткандарын тактайбыз.

Мен сиздерге бир Адвокаттар коргоо менен ишетеген клиника тууралуу айтып берейин. Мисалы, алар акчалууларды гана кабыл алып, алардын буйрутмасын аткарып келишкен. Алардын досторун, олигархтарды, ошол клиникага жакын адамдарды гана иштерин аткарышкан.

Биздин баамыбызда укук коргоочулар байкуштарды коргошу керек эле го. Бирок бул жерде такыр башкача болуп жатпайбы.

Кыргызстанга 30 жыл. Биз эл аралык жардамга муктажбыз. Бардык өнөктөштөр биздин ички иштерибизге кийлигишпеси керек”, – деп билдирди тегерек столдо Байсалов.