АКШда Айсулуу Тыныбекова мастер-класс өткөрдү, – видео

YouTube video

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова өзүнүн алгачкы мастер-класс америкалык спортчуларга көргөздү. Бул тууралуу ал Instagram-аккаунтунда билдирди.

Балбандын айтуусунда, 13-ноябрда ал Wrestle like a girl уюму менен биргеликте тренировку өткөргөн.

«Аталган уюм аял балбандардын лидерлик сапаттарын таанытат, алдыга алып чыгарат. Чындыгында, абдан толкундандым, бирок бул кыздар мени абдан колдошту. Мен аларга албан ийгиликтерди каалап, өздөрүнүн потенциалын ачууларына тилектешмин, — деп жазган Айсулуу Тыныбекова.

Тыныбекова тренировкодан кийин аларга бир нече приемдорду да үйрөткөн. Жыйынтыгында баардык кыздарга кол тамгасын да калтырды.

Белгилей кетсек, Тыныбекова учурда АКШда өзүнүн калыбына келүү үчүн барган.

КРнын Күрөш Федерациясы билдиргендей, Wrestle Like a Girl — коммерциялык эмес уюм, Салли Робертс арабынан негизделген. Ал — АКШнын үч жолку чемпиону.

Аталган уюмдун башкы максаты спорттогу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн колдоо болуп саналат.